"Ата-энесине таарынып кеткен". 4-ноябрдан бери дайынсыз жоголгон 15 жашар Раяна табылды

Кара-Суу районунда дайынсыз жоголгон Раяна Ахматова табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы туулган Раяна Ахматова 4-ноябрь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Турмуш айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Бул факты боюнча 8-ноябрь күнү сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн жүргөн жери такталып, Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан алып келинген.

"Раяна Ахматова 4-ноябрь күнү ата-энеси менен пикири келишпей, үйүнөн эч кимге айтпай чыгып кеткендигин, ошол күндөн бери Өзгөн шаарындагы ашканаларда иштеп жүргөндүгүн билдирген. Ошондой эле кылган ишине өкүнүп турганын айтып, мындан кийин уруксаты жок үйдөн чыкпай тургандыгын жана ден соолугу жакшы экендигин билдирген", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан