Баткенде 1200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактоодо

Баткен облусунун аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жалпы 1200гө жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактоодо. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Шайлоо убагында жарандардын коопсуздугуна, мыйзамдуулуктун сакталышына, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана мыйзамсыз иштерге ыкчам иш-чараларды көрүү максатында Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Ал эми ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн ИИОнун кызматкерлери, ыктыярдуу элдик кошуундар элдин коопсуздугун коргоо, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Ошондой эле COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежесин жана аралыкты сактоо менен добуш берүү үчүн бет кап, кол кап кийип кирүүнү эскертишүүдө. Азыркы сааттарга укук бузуу фактылары аныкталган жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан