Бүгүн, 28-ноябрда Тегеран шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Иран Ислам Республикасындагы элчилигинде түзүлгөн №9043 шайлоо участогу добуш берүү үчүн ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, шайлоо тилкеси Тегеран убактысы боюнча саат 08:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:30да) ачылды.
"Шайлоого Тегеран, Казвин, Кум жана Карадж шаарларында туруктуу жана убактылуу жашаган Кыргыз жарандарынын катышуусу күтүлүүдө.
Мыйзамга ылайык, шайлоо участогу саат 20:00гө чейин иштейт", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.