Америкалык авиакомпаниянын учагында жүргүнчүлөрдүн бири мышыгын эмизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аял үй жаныбары менен Жоржия штатындагы (АКШ) Атланта шаарына учкан. Учуу маалында ал мышыгына эмчек эмизген. Экипаждын өтүнүчүнө карабастан ал үй жаныбарын кайра сумкасына салган эмес. Бул тууралуу учкуч аэропортко жеткирген. Учак конгондон кийин ал коопсуздук кызматкерлери менен маектешип, аялга эскертүү берилген.