Шайлоочу: "Талапкерлердин тизмеси менен толук тааныша алган жокпуз"

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук №1111 жана №1112 шайлоо участогу ачыла электе эле шайлоочулар чогулуп, ачылаары менен кезектеп добуш беришти. Бул өлкөдөгү маанилүү күнгө жергиликтүү жашоочулардын жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгынын көрүнүшү десек болот. Эртең менен саат 08:00дөн 09:00гө чейин эле добуш бергендердин саны 30дан ашты.

Добуш берүү үчүн келген 80 жаштагы окумуштуу аксакал Үмөтаалы Шүкүров шайлоо тууралуу ою менен бөлүштү: “Илгери Осмонкул деген ырчы ырдаган "Эски убакта элди шайлоо болчу эле. Элди жеген байдан болуш болчу эле" дегендей, мурунку шайлоолордо административдик ресурс колдонгондор көп эле болгон. Мен андайга аралашпаган кишимин. Негизи менин добушум чечүүчү роль ойнобосо да, тамчыдан көл куралат дегендей добушумду бергени келдим. Бирок негизи үгүт учурунда талапкерлердин тизмеси менен тааныш болгон жокпуз”.

Ал эми дагы бир Октябрь районунун жашоочусу Марат Умөталиев элди активдүү добуш берүүгө чакырууда: “Шайлангандар ак ниети менен иштеп беришсе экен, элди алдабаса экен”, – дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан