Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун эстелигинин көчүрмөсү Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Бишкек шааарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Орусиянын Свердлов облусу менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында Екатеринбург шаарында И.В.Панфиловдун эстелиги колодон куюлган. Эстеликтин жалпы бийиктиги 9 метрди түзөт. Постамент жана стилобат кызгылт граниттен жасалып, үч тарабы 28 панфиловчунун баатырдык эпизоддорун чагылдырган барельефтер менен кооздолгон.
И.В.Панфиловдун жез чиптери менен бетондон куюлган демонтаждалган эстелиги 1942-жылы орнотулган. Анын архитектору В.В.Верюжский, скульпторлору О.М.Мануйлова, А.А.Мануйлов, Г.И.Фриг-Хар жана М.Эпштейн. Орнотуудан кийин эстеликти реконструкциялоо иштери жүргүзүлбөй, реставрация менен гана чектелген.
Ал эми эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарындагы Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулат.
Белгилей кетсек, 23-ноябрда Панфиловдун эстелиги Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн.