Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында баш кошкон жубайлар үлпөт кийимдери менен добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине келишти. Аларды шайлоо участогунун байкоочу комиссиясында отургандардын бири видеого тартып алган.
Үйлөнүп жаткан жаш жубайлар Тимур Муканбетов жана Бермет Жолборсова аттуу жарандар. Биз Тимур мырза менен байланышканыбызда: "Негизи эртең менен эле бармакпыз, бирок тойго даярданып жатып жетишпей калдык. Биз тоюбуз болуп жатканына карабастан өзүбүздүн жарандык милдетибизди аткарууну туура көрдүк", - деди ал.