Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Өлөң-Булак шайлоо округунун №2313 шайлоо тилкесинде ушул сааттарга алганда жалпысынан 605 шайлоочу өз добуштарын беришкен. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулардын бири билдирди.
Жалпысынан аталган шайлоо тилкесинде 1700дөн ашуун шайлоочу катталган.
Өлкөдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө.