Жетелешип, жанашып. Добуш берүүгө жубайы менен келген саясатчылар

Бүгүн, 28-ноябрь күнү өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Анда SUPER.KG порталы жубайы менен шайлоо тилкесине келген саясатчылардын сүрөттөрүн топтоду.

Президент Садыр Жапаров таң эрте биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берген.

"Ата Мекен" партиясынан талапкер Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук №1214 шайлоо участкасында жубайы Айгүл Текебаева менен бирге келди.

Ал эми “Ынтымак” саясий партиясынын лидери Марлен Маматалиев №13 мектептеги шайлоо тилкесинен жубайы менен бирге добуш беришти.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан талапкер Эмиль Токтошев жубайы Рыскүл Акимжанова жана уулу Байэл менен келип добушун берип жарандык милдеттерин аткарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2021-11-29 00:39:02
Рыскүл кыз го))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан