Бүгүн, 28-ноябрда социалдык тармакка катуу шамалдан улам оодарылып кеткен унаанын видеосу жарыяланды. Анда оодарылган унааны жана анын тегерегинде шамалдын ыргагына термелген 3-4 адамды көрүүгө болот. Видеонун авторунун айтымында, катуу шамал Кемин районунун Боролдой айылында болгон.