Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдаган аял бул кылмышка үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн барганын айтууда. Айтымында, күйөөсү менен көптөн бери чогуу жашабай жүргөн. Уурдап барган ымыркайды күйөөсүнө "сенден төрөдүм" деп айтмакчы болгонун кылмышка шектүү Нуржан тергөөдө айтыптыр. Муну Super.kg порталына Октябрь РИИБинен билдиришти.
Эскерте кетсек, 5-ноябрда жоголгон ымыркай 14-ноябрда Асанбай кичи районундагы үйлөрдүн биринен табылып, өз энесине берилди. Ымыркайдын абалы жакшы.