10 миңден көп адам катышты. Сузакта Сумаянын сөөгү жерге берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жансыз денеси табылган 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сирожиддин Холдаров билдирди.

Анын айтымында, Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден көп адам катышты. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилди.

Маалымат үчүн: Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shbdn
2021-11-28 18:58:36
Бейишин берсин Аллахым.периште болуп учуп кеттиң эми бейиштин төрүндө ата энени күтүп алчуулардан бол.
+14
Jaysan030
2021-11-28 21:03:41
Сени ойлоп коп кишинин журогу ооруп куттук эле аман эсен табылсын деп!
Жаткан жерин жайлуу болсун периштем.
Баарыбыз талап кылалы кылмыштын бети ачылсын деп, зоокур табылсын.
+12
KG-312
2021-11-29 01:34:00
Койгула ай он миң адам чыкпайт, 2,3 миң эле чыгат!
-7
Turdueva
2021-11-29 10:11:42
Периштем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан