Нарын ОИИБи: "Облуста 5 мыйзам бузуу тууралуу маалымат катталып, кылмыштын курамы аныкталган жок"

Нарын облусу боюнча 169 шайлоо тилкесинде 500дөн ашуун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары шайлоо учурунда мыйзам бузууларга жол берилсе, мыйзам чегинде ыкчам иш алып баруу үчүн атайын документтештирүү тобу түзүлүп, жалпы 100 кызматкер тартылып, жеринде иш алып барышууда.

Шайлоо тилкелерине коопсуздукту сактоо максатында жооптуу жетекчилер бекитилип, бөлүнгөн кызматкерлер коомдук тартипти, мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, кызмат өтөп жатышат.

"Саат 19:00гө карата Нарын облусунун аймагында шайлоого карата 5 мыйзам бузуу тууралуу маалымат катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштын курамы аныкталбагандыктан номенклатуралык ишке чыгышталган. Шайлоого байланыштуу одоно мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Азыркы учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу сакталууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан