Ош шаарындагы №5271 шайлоо участкасында электрондук урнадан чыккан дүмүрчөктөн эки партия чийилип чыкты. Бул тууралуу сүрөттөр социалдык тармакка интернет колдонуучулар тарабынан жарыяланды. Анда тизмеден "Бүтүн Кыргызстан" менен "Багыт" саясйи партиялары чийилип калганын көрүүгө болот.
бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлашканыбызда техникалык мүчүлүштүк болгонун билдиришти.
"№5271 шайлоо тилкесинде саат 08:00гө карата электрондук урна "Бүтүн Кыргызстан", "Багыт" жана "Эл үмүтү" саясий партиялары чийилген дүмүрчөктү чыгарган. Аталган шайлоо участкасынын төрайымы Д.А.Алимжанова бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясына саат 12:00дө гана билдирген. Ал бул сааттар аралыгында 3 саясий партия дүмүрчөктө чийилгенин байкабаганына шилтеме кылган.
Адистер чакырылып, техникалык мүчүлүштүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүп, баштапкы отчёт менен эсептеле башталды. Ушуга байланыштуу электрондук урна аркылуу саат 12:00гө чейинки бардык бюллетендерди кайра өткөрүү чечими кабыл алынды.
Бул боюнча акт түзүлүп, аталган шайлоо тилкесинин төрагасынан түшүнүк кат алынды", - дешти маалымат кызматынан.