27-ноябрда Ашхабадда Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга президент Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен, ал эми Түркмөнстандын өлкө башчысы Огулгерек Бердымухамедова менен келгендигин түрк басылмалары жазып чыгып, сүрөттөрүн жарыялады. Муну менен Түркмөнстандын биринчи айымы Огулгерек Бердымухамедованын интернет желесине жарыяланган алгачкы сүрөтү болуп калды.