Ак элечек кийип келишти. Түркиянын Анталия шаарындагы кыргыздар добуш берүүдө

Түркиянын Анталия шаарында расмий катталган 771 кыргыздардын ичинен ушул убакытка чейин 80 киши добуш берди. Бул тууралуу Анталия шайлоо участкасынын төрагасы Шерикбек Акимов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо участкасы Анталия шаарындагы Муратпаша муниципалитетинин конгресс борборунда ачылган.

Анын ачылышына жергиликтүү түрк бийлиги жардам берип, тиешелүү болгон бардык шарттарды түзүп берди. 3 чоң зал ачылган. Пандемияга байланыштуу эл аралык талаптарды аткаруу жана эрежелерди сактоо менен добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоо комиссиясынын курамы 7 кишиден турат. Буга чейин эле шайлоого даярдык көрүлгөн. БШК, Тышкы иштер министрлигинен жана Санариптик өнүгүү министрлигинен өкүлдөр келишкен.

Белгилеп кете турган нерсе бул шайлоодо Анталияда жашаган кыргыздар биринчи жолу шайлоодо добушту ушул шаарда берип жатышат. Буга чейин Анталияда консулдук болгон эмес. Ошондуктан ал жердегилер Анкара же Стамбул шаарына барып добуш берип келүүгө туура келчү", - деди ал.

Учурда Анталия шаарында мурдагыга караганда мигранттардын саны азайган. Жайкы туристтик сезон убагында иштегени келгендер көп болорун билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан