8-номердеги "Ынтымак" саясий партиясы алдын-ала эсептөө боюнча үчүнчү катарда келе жатат.
Аталган партиянын лидери Марлен Маматалиев төмөнкүлөргө токтолду:
"Ынтымак" саясий партиясы элдин ишенимине кирип, 130 миңге жакын добуш топтодук. Бизге ишенимин көрсөткөн элиме ыраазычылыгымды билдирип кетем. Азыркы сезимдеримди айтып бере албайм. Баары сонун. Биз шайлоодон утуп чыгарыбызды билгенбиз", - деп билдирди ал.