Бүгүн, 28-ноябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланган соң "Азаттык" партиясынан депутаттыкка талапкерлер маалымат жыйын өткөрүштү.
"Алгач 65 миң шайлоочу партияны шайлаганы маалым болгон. Кийин көрсөткүч түшүп кеткенин маалымдашты. АСУ (автоматтык урна) системасы жыйынтыктарды туура эмес иштеп жатат. Биз БШКнын жамааты толугу менен отставкага кетишин талап кылабыз. Баары кол менен саналып чыксын", - дешти партия өкүлдөрү.
Ошондой эле талаптары аткарылбаса, митингге чыгарын маалымдашты.