Рыскелди Момбеков: "Бул шайлоонун жыйынтыгы дагы былтыркыдай жокко чыгышы керек"

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого "Социал Демократтар" партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы керек дейт. Мындай пикирин ал инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө жазды.

"Социал Демократтардын" 57 миң 214 добушу көбөйгөндүн ордуна кайра 37 миң 873кө кандайча түшүп калат? Бул шайлоо дагы былтыркыдай жокко чыгышы керек", - деп жазды Момбеков.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы айтылып жаткан учурда БШКнын сайты иштебей калгандыгы айтылган. Андан кийин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК сайтынын сырткы эки гана таблицасы иштебей калгандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dastanali
2021-11-29 10:16:38
Жеңилгенди да билүү керек, капа болбой бийликке жардам бергиле
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан