Ысык-Көл облусунда контейнер күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында азык-түлүк саткан контейнер күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 05:36да чектөөгө алынып, 06:53тө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда.