"Кашка-Суу" лыжа базасынын киши ташуучу асма жолунун кыймылдаткычы күйүп адамдар калып калган

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кашка-Суу айылында жайгашкан "Кашка-Суу" лыжа базасынын киши ташуучу асма жолунун кыймылдаткычы күйүп токтоп калып, адамдар калып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жерине Аламүдүн райондук №1 өрт куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу, жериндеги кырдаалды көзөмөлгө алуу максатында Чүй облустук башкармалыктын жетекчилери тартылган.

Бирок куткаруучулар жеткенге чейин "Кашка-Суу" лыжа базасынын администрациясы резервдик кыймылдаткычты кошуп, жарандарды өз күчтөрү менен түшүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан