Дүйнөдөгү эң чоң учактын Кыргыз өлкөсүнө учуп келген себеби айтылды. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы учак техникалык конуу жасаганын билдирди.
Бирок маалымат катчы ал учак кайсы жактан кайсы жакка бара жатканын айткан жок.
Дүйнөдөгү эң чоң деп аталган учак Ан-225 «Мрия» 28-ноябрда эл аралык "Манас" аэропортуна конгон.
Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары учуп келген. Ан-225 "Мрия" - дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.
Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В.И.Толмачев) 1984-88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган.
Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан. Ан-225 учагын курулушунун максаты көп жолу колдонулуучу "Буран" космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.