Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк мектептери онлайн окууга өткөрүлдү

Кечээ, 28-ноябрда участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгаштырылган билим берүү уюмдары гана 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлдү. Ал эми калгандары өз ишин салттуу режимде уланта беришет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүү максатында айрым билим берүү уюмдарынын имаратында участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгашкан. Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, ал имараттарда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым билим берүү уюмдары 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлдү. Калган билим берүү жайлары окутууну кадимки режимде улантып жатат", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан