Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Шайлоо" системасында мүчүлүштүктөр болбогонун билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Эртең менен президенттик администрация шайлоонун жыйынтыгын көрсөтүү менен кечээ эмне болгонун иликтеп жаткан. "Шайлоо" саноо системасында эч кандай мүчүлүштүк болгон эмес. Сөз бир жарыялоо таблицасындагы программалык ката жөнүндө болду. Ал барактагы формула туура эмес болгон", - деп жазган ал.