"Биз сотко беребиз". Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты

Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Биз сотко беребиз! Урматтуу калайык калкым, кымбаттуу шайлоочулар! Кечээ күнү өткөн шайлоодо мага добуш берген ар бириңиздерге терең таазим кылам. Сиздер мени таза ниет, аруу сезим менен шайладыңыздар. Келечектен үмүт кылдыңыздар. Бирок Ош Төлөйкөн №8 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо одоно мыйзам бузуулар, ыплас технологиялар менен өттү. Карапайым элибиздин аруу тилектерин тебелешти. Мага добуш берген 17 миңге чукул карапайым элимдин ар бир добушу үчүн күрөшөм! Акчасына чиренген, көзүн май баскан талапкерлер! Президентибиздин таза шайлоо болсун деген жарлыгын, элибиздин аруу тилегин эске алышкан жок! Түнү менен мага телефон чалган шайлоочуларым сабыр кылып туруңуздар! Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз!" - деп билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2021-11-29 11:30:29
Туура айтты.Алимбеков не честно отту!
+6
Antiradikal10
2021-11-29 11:41:10
Бирок бул да Раимдин адамы.
+2
IOA
2021-11-29 11:59:57
Атазовду Эл колдоду бирок
+3
mira28
2021-11-29 12:25:12
Болду да эми.Ар ким озун басып токтогула бир чекитке.Элди ээрчитип митинг кылгандан пайда жок.Миллиндогон акча кетирип кайра кайра шайлоо откон менен пайдасы жок эч кандай.Бар пайдасы шайлоодон сон митинг деп дуйно жузуно уят болуу,жана шаарды талкалап мусорго болоо,элди жумуштан алагды кылуу гана.Женилген женишке тойбойт болуп эле тынбай койду ушу костюм шымчандар.
-8
odin-takoy
2021-11-29 14:09:29
Только популизм менен жургон киши
+3
tilek121277
2021-11-29 15:49:48
Туура шайлоо 170% ыплас отту
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан