Саясат таануучу: "Бюллетендер колго саналмайынча шайлоонун жыйынтыгына баа берилбейт"

Саясат таануучу Марс Сариев бул жолу парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок деген пикирин айтты.

"Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана башка президенттердин убагына салыштырмалуу шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок деп ойлойм. Бирок министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бир программаны туура эмес киргизип, анын натыйжасында система үлгүлтүккө учурады деп айтты го. Андыктан бюллетендер кол менен саналмайынча айтуу кыйын. Себеби эмне себептен система үзгүлтүккө учураганы суроо жаратып жатат. Мисалы, "Ата Мекен" партиясы 30 миң добушту жоготту. Мен негизи техникалык мүчүлүштүктөрдү эске албаганда шайлоо таза эле өттү деп эсептейм. Мисалы, Октябрь районунан Дастан Бекешов жеңип чыкты. Ал эл ишеним арткан талапкер болчу. Кыскасы бюллетендер кол менен эсептелип чыгышы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан