ИИМ: "Кечээ түнкү саат 12ге чейин шайлоого байланышкан 126 факты катталды"

Кечээ, 28-ноябрда таңкы саат 08:00дөн кечки саат 24:00гө чейин жалпысынан шайлоого байланышкан 126 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен добуштарды сатып алуу кылмышы боюнча эки факты Чүй облусунда катталып учурда тергелип жатат.

Жоруктардан 5 факты катталып, административдик ресурсту пайдалануу 1 факты, майда бейбаштык 4 факты, катталды. Алар:

Чүй облусунда -2;

Бишкек шаарында - 1;

Ош шаарында - 1;

Баткен облусунда орун алган.

Андан сырткары: үгүттөө болду деген маалымат - 36, добуш берүү тартибин бузуу деген маалымат - 38, добуш сатып алуу деген маалымат - 21, шайлоочуларды унаалар менен ташуу маалымат - 19, жалган маалымат таратуу - 1, административдик ресурс колдонулду деген - 1, электр энергиясынын өчүрүлдү деген - 1.

Аталган мыйзам бузуулардын бардыгы азыркы учурда жеринде териштирилүүдө жана жыйынтыктары мыйзамдарга ылайык сөзсүз түрдө чыгарылат. Азыркы учурда өлкөнүн аймагында коомдук-саясий абал туруктуу, ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан