Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен биргеликте БШКнын серверин текшеришти. Эксперттер аларга кол салуу болгонун билдиришкен.
Иманкуловдун билдирүүсүндө, хакердик чабуулдар болжол менен 20 өлкөдөн болгон, бирок жакшы коргоонун аркасында сервер бузулган эмес. Иманкулов өзүнүн Фейсбук баракчасында да бийлик добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоого жол бербей турганын кошумчалаган.
“Ар бир бюллетенди текшерүүгө даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштарды кол менен санагандан кийин чыгарылат", - деди.
Эскерте кетсек, БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин тараптар чогулткан пайыздардын жалпы суммасы 150 пайыздан ашкан. Андан кийин БШКнын сайты жүктөлбөй калып, бардык сандар өзгөрдү. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сервердин бузулушу боюнча комментарий берип, алгач сайтка туура эмес программа жүктөлгөн. Президент Садыр Жапаров БШК тарабынан бурмалоо фактылары аныкталса, анда бөлүмдүн бардык мүчөлөрү жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.