"Быстровка" көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы линиясынын кулап калган электр мамысы калыбына келтирилди

Катуу шамалдан улам "Быстровка" көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы линиясынын кулап калган электр мамысы калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кыргыз улуттук электр тармагы" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Катуу шамалдын кесепетинен жогорку чыңалуудагы 110 кВ темир бетон мамысы кулап, “Быстровка” көмөк чордону өчүп калган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында линиядагы авария калыбына келтирилип, керектөөчүлөргө, шайлоо тилкелерине электр энергиясы дароо берилди. Мындан тышкары ар бир добуш берүү тилкесинде энергетиктердин ыкчам бригадалары кызмат өтөп, авариялык өчүрүүлөрдү өз убагында оңдоп, генераторлордун иштешин көзөмөлдөп турду", - деп айтылат маалыматта.

27-ноябрда саат 22:52 чамасында катуу "Быстровка" көмөк чордонунда жогорку чыңалуудагы 110 киловольттук "Орловка-1,2" линиясы өчүрүлгөн. Маалыматка ылайык, катуу шамалдан улам темир-бетондон жасалган электр мамысы сынып калганы аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан