"Кызмат учурунда ичимдик ичип жүрүшкөн". Ысык-Атанын эки милиция кызматкери ички иштер органынан четтетилди

Чүйдүн Ысык-Ата РИИБинде эки кызматкер ички иштер органдарынан четтетилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда Ысык-Ата районунун аймагында шайлоо участкаларынын биринде коомдук тартипти сактоо үчүн кызмат өтөп жаткан эки милиция кызматкери мас абалында жүргөндүгү тууралуу социалдык түйүндөргө видео жарыяланган.

"28-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБинин жетекчилиги кызмат өтөп жаткан кызматкерлер текшерүү учурунда шайлоо тилкесинде кызмат өтөп жатышкан эки кызматкер, ага лейтенант О.Т. жана милициянын прапорщиги Ш.А. ичимдик ичкени айтылып, Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Текшерүү учурунда алардын ичимдик ичкени аныкталган.

Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн натыйжасында кызматкерлер кесиптик этикасынын талаптары бузулгандыгына байланыштуу жогорудагы ички иштер органдарынан четтетилген. Андан сырткары Ысык-Ата РИИБинин жооптуу жетекчилери да дисциплинардык жазага тартылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан