Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы декабрдан тарта COVID-19 менен ооругандарды кабыл албайт

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы 1-декабрдан тарта COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууну токтотот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукана штаттык (коронавируска чейинки) тартипте иштеп баштайт.

"Мындай чечим коронавирус инфекциясы менен ооругандардын санынын азайышына байланыштуу, ошондой эле башка сезондук жугуштуу оорулар менен ооругандардын, өзгөчө кичинекей балдардын арасында көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынды", - деп билдиришти министрликтен.

Ал эми COVID-19 менен ооругандарды тиешелүү орундар менен камсыздалган башка ооруканалар кабыл ала баштайт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан