Декабрдын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жол акы кымбаттайт

Жалал-Абад шаарында 1-декабрдан тарта кичи автобустарга жол акы кымбаттайт. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу жүгүнчүлөр транспортторунун агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдирди.

Анын айтымында, окуучулар жана пенсионерлерден башка жүргүнчүлөр үчүн жол акы 15 сомго жогорулайт.

Буга чейин, 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси каралган. Анда шаардагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом боюнча калтыруу, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу сунушталып, колдоо тапкан.

Эскерте кетсек, учурда шаар боюнча 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyke
2021-11-30 01:21:37
Жалал Абад озуну Бишкек сезип калганбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан