Эртең, 30-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;
Бишкекте түнкүсүн -3…-5, күндүз +4…+6 градус .