Бишкекте бир аптанын ичинде 5 миң 194 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир аптанын ичинде 5 миң 194 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан тартып 25-ноябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5194 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

Мас абалында унаа башкаруу - 54;

Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 25;

Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 45;

Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 212;

Башка жол эрежелерин бузуулар - 4854;

315 унаа ар кандай бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан