14-ноябрда Ош облусунун аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Өзгөн районунда 1, Алай районунда 1, Чоң-Алай районунда 1, Кара-Суу районунда 3, Араван районунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрт кырсыктарынын келип чыгуусуна көпчүлүк учурда өспүрүмдөрдүн от менен ойноосу жана электр жабдыктарын туура эмес пайдалануу себеп болгон. Учурда келтирилген чыгымдар такталып жаткандыгын аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.