Токмокто кайгуул кызматы адышып кеткен 2009-жылы туулган Б.С. аттуу кызды таап, ата-энесине өткөрүп беришти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрда болжол менен саат 21:00 чамасында Токмок шаарынын Амбулатордук көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 2009-жылы туулган Б.С. аттуу кыз чыгып кеткен бойдон дайынсыз деген маалымат келип түшкөн.
Бул маалымат боюнча өздүк курамга багыттама берилип, Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы адашып жүргөн кыз Бишкек шаарынын Осмонкул көчөсүнөн табылып, ата-энесине сак-саламат жеткирип берилген.
Өз кезегинде кыздын ата-энеси кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирген.