УКМК эл аралык террордук уюмдун жалдоочусун кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-ноябрда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси ("экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранын кармаган.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан Макаров тапанчасы, 4 даана бычак, 2 даана уюлдук телефон, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террордук мазмундагы видео-аудио файлдар табылган.
Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.