SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну кайрылды. Анда ал жер казып жатып чоподон жасалган буюм таап алганын айтты.
"Өтө кылдаттык менен ичиндеги топуракты тазаладым, ичинен ийиктин ташы чыкты. Менин кызыкканым кайсы кылымга, кайсы жылдарга таандык болушу мүмкүн. Анан бул буюмду Тарых музейине тапшыргым келет", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.