Стамбулда бороондуу шамалдан 2 адам каза болуп, мунара урап түштү (видео)

Стамбулдун Эсенйурт провинциясында бороондуу шамалдын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, имараттын чатыры урап, анын кесепетинен 2 адам жеринде каза болгон. Кырсык бүгүн, 29-ноябрда орун алган.

Түштүк-чыгыш тараптан соккон катуу шамал Түркиянын көпчүлүк аймактарында катталууда. Көптөгөн аймактарда шамалдын кесепетинен турак үйлөрдүн, имараттардын чатыры урап жатат.

Ошондой эле Стамбулдагы саат орнотулган мунара урап түшкөн, бул окуяны жарандар видеого тартып алышкан. Бактыга жараша, бул кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Мындан тышкары шамалдан улам "Turkish Airlines" авиакомпаниясынын 6 учагы аэропортко коно алган эмес.

Стамбулда бороондуу шамалдан 2 адам каза болуп, мунара урап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан