Кечээ, 28-ноябрда Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын футбол боюнча Кубогунун финалы орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, беттеште Гүлжигит Алыкулов ойногон "Кайрат" менен карагандалык "Шахтёр" кез келишти.
"Оюндун негизги жана кошумча убактысы 3:3 эсеби менен аяктап, оюндан кийинки пенальтилер сериясынын жыйынтыгы боюнча, 9:8 эсеби менен алматылык "Кайрат" клубу жеңип, Казакстандын 10-жолку чемпиону аталды.
Алыкулов беттештин 81-мүнөтүндө оюн талаасына чыгып, 11 метрлик соккулардын бирин ишке ашырды", - деп жазылат маалыматта.
Эске сала кетсек, алматылык клуб бул сезондо чемпиондукта 3-орунду ээлеген.