Режеп Тайип Эрдоган Москва менен Киевдин ортосундагы конфликтти чечүүдө ортомчу болууга даяр экендигин билдирди

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган Москва менен Киевдин ортосундагы конфликтти чечүүдө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Эрдоган Түркмөнстандан кайтып келе жатканда учактан журналисттерге билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга таяна турган болсок, Түркия дүйнөдөгү тынчтыкты колдойт жана Орусия менен Украинанын ортосундагы конфликттин тынчтык жолу менен чечилүүсүнө кызыкдар.

"Биз бул маселени Владимир Путин менен көп жолу талкуулаганбыз. Түркия Орусия жана Украина менен сүйлөшүүгө жана эки мамлекетке ортомчу болууга даяр", - деген Эрдоган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан