Ошто жеңил унаа сайга түшүп кетип эки адам каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда жеңил унаа сайга түшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракат алышкан. Учурда аты-жөндөрү такталууда.

Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелерин туугандары алып кеткен.

Куткаруучулар унааны сайдан чыгарууга жардам беришкен. Жерине ӨКМнын 4 куткаруучусу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан