Стамбулдагы бороондон жабыркагандардын саны 38ге жетип, дагы 4 адам каза болду

Стамбулдагы бороондон жабыркагандардын саны 38ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп, курулуштарды бузуп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп кеткен. Стамбулда саат мунарасынын жолго кулап түшкөнүн күбөлөр тартып алышкан. Шамалдын кесепетинен унаалар оодарылып, зымдар үзүлгөн.

Табигый кырсыктын кесепетинен 38 адам жабыркап, дагы 4 адам каза болгону айтылат маалыматта.

Буга чейин Стамбулдун Эсенйурт провинциясында бороондуу шамалдын кесепетинен 2 адам каза болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан