Франциялык ПСЖ клубунун оюнчусу Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазды.
Ага ылайык, сыйлык тапшыруу салтанаты кечээ, 29-ноябрда Франциядагы Шатле театрында болуп өткөн. Кезектеги "Алтын топ" үчүн эң негизги талапкер катары 7 футболчу алдыга озуп чыккан. Топтолгон упайлардын жыйынтыгында аргентиналык форвард 613 упай менен "Алтын топтун" жеңүүчүсү деп табылды.