"Ишеним" саясий партиясы шайлоо ийгиликтүү жана таза өттү деп эсептейт. Мындан улам партия шайлоочуларына карата билдирүү таратты.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ийгиликтүү, таза өттү. Административдик ресурс дээрлик колдонулган жок. Ооба, мүчүлүштүктөр болду, себеби бул шайлоо системасы эл үчүн дагы, талапкерлер үчүн дагы жаңылык.
Эң негизгиси атаандаштык таза жүрдү. Шайлоо күнүнө чейин жана шайлоо учурунда катталган айрым туура эмес аракеттерге бийлик алдын алып, бөгөт койду. Чет элден келген көз карандысыз байкоочулар дагы, айрым талапкерлер дагы дал ушул бааны беришүүдө. Өлкө башчы таза шайлоону камсыздап берди, ат салышууда ким жеңип, кимдин жеңилери элдин тандоосуна коюлду.