Мончодон 25 жаштагы жаранды тапанча менен атып салам деп коркуткан шектүү кармалып, милицияга өткөрүлүп берилди

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү болжол менен саат 21:10 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран белгисиз тапанча менен жарандарды коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз жаран арыз ээсин тапанча менен атып салам деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, абройуна шек келтирген. Ушул жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Иш-чаралардын негизинде, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан