"Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы милиция кызматкерлеринен аны издөөнү токтотууну айтып кайрылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул маалымат каттоо китепчесине катталып, жерине милиция кызматкерлери чыгып, маалыматты тактаганда Мирбек Мияров 28-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында шайлоо тилкелердин биринен өз унаасы менен чыккан боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
Көп өтпөй Мияровдун жубайы милицияга күйөөсүн издөөнү токтотууну жана эч кимге дооматы жоктугун өтүнүп кайрылган", - деди басма сөз кызматы.
Ал эми бүгүн, 30-ноябрга карата Мирбек Мияров дагы деле дайынсыз экенин "Ордо" саясий партиясынан билдиришкен.
Буга чейин Мирбек Мияровдун дайынсыз болуп жатканын партиялашы Жанчар Сейитбеков билдирген. Айтымында, Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефону өчүрүлгөн. Учурда аны тарапташтары, партиялаштары, туугандары издеп жатканын айткан.
"Ордо" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан. БШКнын акыркы маалыматы боюнча "Ордо" партиясы 0.45 пайыз добуш ала алды.