Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып пулду төлөдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына тастыктады.
"Кечээ, 29-ноябрда айып пулду төлөдүм. Айып пул боюнча кат эмне үчүн келбегенин тактадым. Мен жашаган жеримди алмаштыргам, ошондон болушу мүмкүн экен. Негизи айып пул боюнча кат келгенде мен дароо төлөчүмүн", - дейт ал.
Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин BMW X6 унаасынын сүрөтү жарыяланып, унаанын жол эрежесин бузгандыгы үчүн 8 миң сом штрафы бар экендиги жазылып, талкууга алынган.