Эрназар Акматалиев Эл аралык күрөш федерациясы тарабынан 3 миң доллар менен сыйланат. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынын сайтында жазылды.
Эрназарга акчалай сыйлык анын Норвегиянын Осло шаарында 70 килограмм салмакта күмүш медалга ээ болгондугу үчүн ыйгарылат.
Эрназар Акматалиев менен Евгений Жербаев Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келген. Анда кыргыз балбаны атаандашын 9:5 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Ал эми германиялык машыктыруучу көргөзгөн бул ыкманы жасаган Эрназар Акматалиев 4 упай алган. Кийинчерээк Евгений Жербаев дал ушул ыкмага кандайча түшүп калганын түшүнбөгөндүгүн, андан кийин күрөшү жүрбөгөндүгүн айткан.