Бишкек мэриясы жаңы жылдык балатыны жасалгалоого оймо-чиймелер кошула турганын жарыялады

Борбор калааны жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелерди, жаңы жылдык фейерверктерди жана карды бириктирген жаңы жылдык символдор колдонулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын жасалгасы азыр кызуу жүрүп жатат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы майрамдын негизги символу болгон балатынын каркасын орнотууну улантууда, балатыга 1 миң 400 даана балаты бутактары илинет. Балатынын бийиктиги 25 метрди, диаметри 12 метрди түзөт.

Учурда башкы аянтты жасалгалоо үчүн реквизиттер жана керектүү жабдуулар даярдалууда. Жасалгалоого шаардык кызматтар: “Бишкек жарык”, “Тазалык” муниципалдык ишканалары, Капиталдык курулуш башкармалыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Маданият башкармалыгы тартылат.

Шаарды жаңы жылдык жасалгалоо боюнча бардык иштер декабрь айынын ортосуна чейин созулат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-30 16:47:47
Бут парастар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан